АЙТ III
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Малды кайырууда, айдоодо, тескөөдө колдонулат. Айт! айт! деп аттарды алдына салып кууп бараткан экен («Ала-Тоо»). 2. Итти айдактоодо, тукурууда колдонулат. Тайгандарын«айт» деп жиберди. 3. Үркүтүп, чочутууда колдонулат. Кыярып бышкан ак эгин, Арам колдон аман бол. Айт, айт, куу! (Осмонов).